Эрдогандын Астанадагы эки тараптуу жолугушуулары

Эрдоган бүгүн алгач Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурелсух менен жолугушту.

2159366
Эрдогандын Астанадагы эки тараптуу жолугушуулары
Erdogan-Si Cinping.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 24 - саммитине барган Казакстандын борбор шаары Астанада эки тараптуу жолугушууларын улантууда.

Эрдоган бүгүн алгач Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурелсух менен жолугушту.

Жолугушуу басма сөзгө жабык өттү.

Жолугушууда Түркия менен Монголиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар менен аймактык жана глобалдык маселелер каралды.

Президент Эрдоган Түркиянын терең маданий жана тарыхый байланыштары болгон Монголия менен карым – катнаштарды ар тармакта жогорку деңгээлге көтөрүүнүн маанисин, бул багытта иштердин улантылышы керектигин айтты.

Президент Эрдоган андан кийин Катардын эмири шейх Тамим бин Хамед Аль Тани менен жолугушту.

Басма сөзгө жабык өткөн жолугушууда  Израилдин Палестина жана  Ливанга карата кол салулары менен коркунучу, аймактык жана   глобалдык маселелер каралды.

Эрдоган ислам дүйнөсү башта болгон эл аралык коомчулуктун Израилди токтотуу үчүн эртерээк кадам таштоосу, биргелеше иш алып баруу керектигин белгиледи. 

Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин менен да жолугушкан президент Эрдоган эки тараптуу жолугушууларынын алкагында кечээ Россиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен жолугушкан.

 

 

 



Тектеш кабарлар