Президент Эрдоган Астанада Путин менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган  Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 24 - саммитине катышуу үчүн  барган Казакстандын борбор шаары Астанада  Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту.

2158954
Президент Эрдоган Астанада Путин менен жолугушту

Президент Режеп Таййип Эрдоган  Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 24 - саммитине катышуу үчүн  Казакстандын борбор шаары Астанага барды. Эрдоган Астанада  Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Президент Эрдоган Путин менен жолугушуусунун басма сөзгө ачык бөлүгүндө сүйлөгөн сөзүндө : «Урматтуу досум менен көптөн бери жолугуша албадык. Телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүбүз болду. Бирок министрлерибиз байланышты тынымсыз улантышууда»,- деди.

Атомдук станцияларга байланыштуу олуттуу кадамдарды таштай тургандарын баса белгилеген Эрдоган : «Синоп атомдук энергетика станциясы тууралуу сүйлөшүүлөрүбүз бар. Бул темада олуттуу кадамдарды таштай аларыбызга ишенебиз. Бул тууралуу энергетика жана жаратылыш ресурстары министрибиз сүйлөшүүлөрүн улантууда»,- деди.

БОТАШ жана ГАЗПРОМдун ортосундагы карым  - катнаштардын жакшы маанайда улантылгандыгын айткан Эрдоган : «(Түркия  -  Россия соода көлөмү) 55  миллион долларлык бул көлөм биз үчүн маанилүү эмес. Биздин максатыбыз  100 миллиард долларга жеткирүү. Бул  100 миллиард долларга жете аларыбызга ишенем. Мындай потенциалга ээбиз»- деди.

7 миллионго жакын орус туристтин Түркияга келишинин  маанилүү экендигин баса белгилеген Эрдоган : «Россиялык туристтерди  Түркияда тосуп алуу абдан маанилүү. Бул тууралуу чын ыкласыбыз чечкиндүүлүк менен улантылууда. Негизгиси орус туристтер Түркияга ыраазы болушсун»,- деди.

Президент Эрдоган : «Россия  - Түркия ортосундагы бул жылуу мамиледен тышкары  сизди да кыска убакытта өлкөмдө тосуп алууну каалаймын»,- деп Путинди Түркияга чакырды. Путин да сөзсүз түрдө Түркияга келерин айтты.



Тектеш кабарлар