Хакан Фидан эфиопиялык жана сомалилик кесиптештери менен жолугушту
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Эфиопия менен Сомалинин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн 2-сентябрда борбор шаар Анкарада улана тургандыгын айтты.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан Эфиопия менен Сомалинин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн 2 - сентябрда борбор шаар Анкарада улана тургандыгын айтты.
Хакан Фидан Анкарада эфиопиялык кесиптеши Тайе Селассие менен сомалилик кесиптеши Ахмед Муаллим Фигини кабыл алды.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин «Биргелешкен Анкара билдирүүсү» жарыяланды.
Билдирүүдө пикир келишпестиктерди тынчтык ыкмалар менен чечүү чечкиндүүлүгү дагы бир жолу баса белгиленди.
Эки конок министр көмөктөшүү жана конструктивдүү салымдары үчүн Түркияга ыраазычылык билдиришти.
Тараптар 2-сентябрда Анкарада кайрадан жолугушат.
Эфиопиянын премьер - министри Абий Ахмед менен Сомалиланддын президенти Муса Бихи Абди 1-январда Сомалиланд чек арасындагы 20 километр жээк сызыгын 50 жылдык мөөнөт менен Эфиопиянын колдонуусуна сунуштаган жана Бербера портун колдонуу укугун берген өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшкан.
Кол коюу аземинде сөз сүйлөгөн Сомалиланддын премьер-министри Абди да Эфиопиянын Сомалиландды тааныган биринчи өлкө болорун билдирген. Бул абал Сомалиде чоң реакция жаратты. Эфиопия бийликтери кийинчерээк жарыялаган билдирүүлөрүндө таануунун азырынча сөз боло электигин белгилеген.
Президент Эрдоган 8 - майда Эфиопиянын премьер - министри Абий Ахмеддин атайын өкүлү Мулату Тешоме Вирту жана Эфиопиянын тышкы иштер министри Селассиени кабыл алган. Жолугушууда Эфиопиянын премьер-министри Ахмеддин президент Эрдогандан Сомали менен Эфиопиянын ортосунда арачылык кылуусун талап кылган каты тапшырылган.