Түрксат 6А космоско жиберилет
Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу Түркиянын алгачкы жергиликтүү жана улуттук байланыш спутниги Түрксат 6Аны 8 - июлдан 9 - июлга караган түнү Түркия убактысы боюнча саат 00.20да космоско учура тургандарын айтты.
Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу Түркиянын алгачкы жергиликтүү жана улуттук байланыш спутниги Түрксат 6Аны 8 - июлдан 9 - июлга караган түнү Түркия убактысы боюнча саат 00.20да космоско учура тургандарын айтты.
Уралоглу Түрксат 6Анын космоско жөнөтүлө турган күнү тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.
Спутниктин SpaceX тарабынан Falcon 9 ракетасы менен космоско жибериле турганын эске салган Уралоглу : «Түрксат 6А спутнигибиз АКШнын Флорида штатындагы SpaceX компаниясына таандык Кейп Канавералдагы учуруу борборунан Falcon 9 ракетасы менен АКШнын жергиликтүү убактысы боюнча 8-июль күнү саат 17.20да жана 8 - июлдан 9 - июлга караган түнү саат 00.20да учурулат. Эгер спутникти учуруу учурун шилтеме катары ала турган болсок, мындан жарым сааттан кийин Түрксат 6А спутниги ракетадан чыгат",- деди.
Спутник ракетадан чыккандан кийин SpaceXтин бүт процессти көзөмөлдөй турганын белгилеген Уралоглу билдирүүсүн төмөнкүчө улантты : «Спутнигибиз сапарынт аяктагандан кийин орбиталык сыноолорду башташы каралууда. Спутниктин Түрксат тарабынан кабыл алынышын жана орбитага жеткенден кийин кеминде 1 айга созула турган сыноолордон кийин ишке киришин пландап жатабыз».
Уралоглу Түрксат 6Анын 8,4 киловатт кубаттуулукка ээ экендигин белгилеп : «Түрксат 6А спутниги геостационардык байланыш спутниги катары өлкөбүздүн кабарлашуу кызматтары жана кеңири камтуу, өзгөчө телеберүү тармагындагы спутниктик кабарлашуу муктаждыктарын камсыздай алат. Мындан тышкары, учурда спутниктери кызмат кылбаган Индия, Таиланд, Малайзия жана Индонезия да камтылат. Түрксат 6 активдүү байланыш спутниги менен дүйнөнүн алдыңкы спутник операторлорунун арасындагы ордун бекемдейт»,-деди.
Өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр да түрк инженерлеринин эмгеги менен иштелип чыккан жергиликтүү жана улуттук Түрксат 6А спутнигинин 10 күндүн ичинде космоско учурыла турганын айтып : "Бүткүл дүйнөгө космостогу көз карандысыздыгыбызды жана технологиялык күчүбүздү көрсөтүп жатабыз",- деди.
Тектеш кабарлар
Сириянын Стамбулдагы башкы консулдугуна «революция желеги» илинди
Кечээ Баас партиясынын өлкөдөгү 61 жылдык башкаруусу кулатылган.