Террористтер Ирактын түндүгүндө токойлорду өрттөп жатат

Улуттук коргоо министрлиги жикчил террордук уюм ПКК мүчөлөрүнүн Ирактын түндүгүндө токойлорду өрттөй баштагандыгын билдирди.

2156942
Террористтер Ирактын түндүгүндө токойлорду өрттөп жатат

Улуттук коргоо министрлиги жикчил террордук уюм ПКК мүчөлөрүнүн Ирактын түндүгүндө токойлорду өрттөй баштагандыгын билдирди.

Министрликтин социалдык медиа эсебинен «Террордук уюм ПККнын планы : токойлорду өрттөө менен жашырынууга аракет кылышууда» деген темадагы билдирүүсүндө Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн операциялардын натыйжасында качуу мүмкүнчүлүгүн таба албаган ПКК террористтеринин токойлорду өрттөй баштагандыгы белгиленди.

Билдирүүдө булар айтылды : «Дергеле айылындагы жарандарды калкан кылып, аскерлерибизге миномет аткан террористтер жашырынуу үчүн токойлорду өрттөй башташты. ПКК террористтери өрттөгөн жерлерде  жергиликтүү калкты түрк куралдуу күчтөрү аткан октун натыйжасында токойлор өрттөндү» деген жалгандар менен алдоого аракет кылууда».

Ошол эле учурда террористтер кирген айылдарда да айланага ок атып жарандардын өмүрүн коркунучка салгандыгы билдирилген маалыматта : «Террордук уюм эмне кылса кылсын түрк куралдуу күчтөрүбүз жарандарга, отурукташуу пункттарына, айланага жана жаратылышка болгон жоопкерчилигин улантат. Террористтер  Мехметчиктин (түрк аскеринин) чеңгелинен кутула албайт»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар