Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Өзбекстанда президент Мирзиеев менен жолугушту

Бул тууралуу Өзбекстандын президенттик кеңсесинен маалымат берилди.

2156473
Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Өзбекстанда президент Мирзиеев менен жолугушту

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер жолугушууларды өткөрүү үчүн Өзбекстанга барды жана борбор шаар Ташкентте президент Шавкат Мирзиеев кабыл алды.

Өзбекстандын президенттик кеңсесинен берилген маалыматка караганда президент Мирзиеев өлкөсүндө жолугушууларды өткөргөн улуттук коргоо министри Яшар Гүлер менен жолугушту. Билдирүүгө караганда жолугушууда Гүлер Мирзиеевге президент Режеп Таййип Эрдогандын саламын айтты.

Мирзиеевдин 5 – 6 -  июнда борбор шаар Анкарага жасаган сапарында түзүлгөн келишимдердин алкагында Өзбекстан менен Түркиянын ортосундагы кенен стратегиялык өнөктөштүктүн тереңдетилиши тууралуу темалар да талкууланды.

Министрликтердин  ортосундагы жакын карым  - катнаштарды чыңдоо, биргелешкен иш - чараларды уюштуруу, аскердик эксперттерди даярдоо жана аскердик  - техникалык кызматташуунун өнүктүрүлүшүнө байланыштуу маселелер да каралды.

Коопсуздук маселелер менен террор, радикализм менен күрөшүү боюнча кызматташуунун бекемделиши жана координация каралган сүйлөшүүдө Афганистандагы абал, аймакта тынчтык жана ырааттуулуктун түзүлүшү тууралуу пикир алмашуулар болду.

 

 

 



Тектеш кабарлар