Президент Режеп Таййип Эрдоган Чоң жетилердин саммитине атайын конок катары катышат

Эрдогандын сөзүндө күн тартиби «Газа» болот.

2153013
Президент Режеп Таййип Эрдоган Чоң жетилердин саммитине атайын конок катары катышат

АКШ, Япония, Канада, Германия, Франция, Италия жана Британиядан турган эң өнүккөн экономикага ээ жети өлкөнүн лидерлери кечээ Италиянын жетекчилигинде  өткөрүлгөн саммитте жолугушту.

Чоң жетилердин лидерлер саммитинде Израилдин Газадагы кыргыны, Россия  -  Украина согушу жол ачкан глобалдык маселелер жана экономикалык кызмтташтык темалары, эл аралык энергетика жана тамак  - аш тармагында  маселелер каралууда.

Туруктуу өнүгүү жана экономикалык кызматташуу маселелери да күн тартибинде.

Президент Режеп Таййип Эрдоган саммитке бүгүн атайын конок катары катышат.

Эрдогандын сөзүндө күн тартиби «Газа» болот.  

Президент Эрдоган Газада туруктуу ок атышпоонун түзүлүшү үчүн Түркия жүргүзгөн дипломатияны жана жасалган гуманитардык жардамдардан сөз кылат жана Израилдин 8 айдан бери Газада жасап жаткан кыргынына дүйнөнүн үнсүз калганына көңүлдөрдү бурат.



Тектеш кабарлар