Фидан Швейцарияда Украина саммитине катышат

15-16-июнда боло турган саммитте Түркияны тышкы иштер министри Хакан Фидан өкүлдүк кылат.

2152953
Фидан Швейцарияда Украина саммитине катышат

Дүйнө лидерлери апта соңунда Швейцариядагы саммитке чогулуп, Украина менен Орусиянын ортосундагы согушту токтотуунун жолдорун издешет.

15-16-июнда боло турган саммитте Түркияны тышкы иштер министри Хакан Фидан өкүлдүк кылат.

Орусия чакырылбаган саммитке АКШнын вице-президенти Камала Харрис, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, ошондой эле Германия, Италия, Англия, Канада жана Япониянын саясатчылары катышат.

Орусияга Украина менен согушунан улам киргизилген экономикалык санкцияларды жеңилдетүүгө жардам берген Индиянын да саммитке делегация жиберүүсү күтүлүүдө.

Орус мунайынын эң чоң кардарларынын бири болгон Кытай саммитке чакырылган жок.



Тектеш кабарлар