Кысыктарда жаңы тариф

Уралоглу, Түрк кысыктарынан токтобостон өткөн кемелерден алынган төлөмдөрдүн 1-июлдан тарта жаңылана турганын билдирди.

2152528
Кысыктарда жаңы тариф

Чанаккале жана Стамбул кысыктары аркылуу кемелердин өтүүсүнө жогорулатылган тариф 1-июлдан тарта башталат.

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу, Түрк кысыктарынан токтобостон өткөн кемелерден алынган төлөмдөрдүн 1-июлдан тарта жаңылана турганын билдирди.

Кемелердин өтүү акысынын 5,07 доллар болорун айткан Уралоглу: «Бул жаңыртуу менен төлөмдөрдү 2022-жылга салыштырмалуу 6,3 эсеге көтөрүп, мунун негизинде да мамлекеттик казынабызга чет элдик валютанын агымын арттырган болобуз»,- деди.



Тектеш кабарлар