Түркиядан эки университет дүйнөдөгү 10 университеттин арасына кирди

Стамбул техникалык университети "сапаттуу билим берүү" (эрте жашта  жана  инклюзивдик билимге умтулууга салым кошуу) категориясында  5 -  орунду алса, Абдуллах Гүл университети "жакырчылыкты жоюу" категориясында 5 - орунду алды.

2152124
Түркиядан эки университет дүйнөдөгү 10 университеттин арасына кирди

Түркиядан Стамбул университети менен Кайсеридеги Абдуллах Гүл университети борбору Британия болгон эл аралык билим рейтинги агенттиги "Times Higher Education (THE) Дүйнөлүк университеттер тизмесинде" үч башка категорияда биринчи 10 университеттин арасына кирди. 

THE 2024 -  жылы  125 өлкө жана аймактан жалпы  2 миң  152 университетти изилдөө, башкаруу, социалдык жардам жана билим берүү болгон төрт тармакта жана  17 көрсөткүч боюнча карап чыкты. 

Бул көрсөткүчтүн үчөөсүндө түрк университтери да биринчи 10 университеттин арасына кирди. 

Стамбул техникалык университети "сапаттуу билим берүү" (эрте жашта  жана  инклюзивдик билимге умтулууга салым кошуу) категориясында  5 -  орунду алса, Абдуллах Гүл университети "жакырчылыкты жоюу" категориясында 5 - орунду алып, "клматтык алмашуу менен күрөшүү жана улантууга боло турган келечекти колдоого алуу убадасы категориясында 7 -  орунду алды. 

 



Тектеш кабарлар