Путин Фиданды кабыл алды

Хакан Фидан БРИКС+ жыйынына катышуу жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Орусияда Кремль сарайында президент Путин тарабынан кабыл алынды.

2151723
Путин Фиданды кабыл алды

Тышкы иштер министри Хакан Фидан: «Орусия менен мамилебиз жакшы жүрүп жатат»,-деди.

Хакан Фидан БРИКС+ жыйынына катышуу жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү үчүн барган Орусияда Кремль сарайында президент Путин тарабынан кабыл алынды.

Кабыл алууда президент Режеп Таййип Эрдогандын Путинге саламын жеткирген Фидан: «Эки өлкөнүн карым-катнаштары чындап жакшы жүрүп жатат, соода тармагында таштала турган кадамдар бар»,-деп айтты.

Фидан: «Украина темасында мүмкүн болгон бардык арачылык иш-аракеттерин улантууга чечкиндүүбүз. Сирияга байланыштуу эки лидер катары (Эрдоган жана Путин) алдыга койгон ырааттуулук саясатын улантуу үчүн биз да колубуздан келгендин баарын кылып жатабыз»,-деди.

Орусиянын президенти Путин: «Түркия менен карым – катнаштардын өнүгүшүн кубаттайбыз. Бардык өнүгүүлөр досум президент Эрдогандын жетекчилигинде жүрүп жатат»,-деп айтты.

Түркиянын БРИКСтин ишине болгон кызыгуусун кубаттагандарын айткан Путин:«Биз бул Биримдик өлкөлөрү менен ар тараптан бирге болуу каалоосун сөзсүз колдойбуз»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар