Түркиянын улуттук байланыш спутниги

ТүТүркиянын Илимий жана технологиялык изилдөө кеңешинин төрагасы, профессор доктор Хасан Мандал, Түркиянын өз инженерлери менен иштеп чыккан байланыш спутниги Түрксат 6Анын космостук изилдөөлөр үчүн жаңы бир башталгыч экенин белгиледи.

2151700
Түркиянын улуттук байланыш спутниги

Түркиянын байланышы түрк инженерлери тарабынан иштелип чыккан спутник менен ишке ашат.

Түркиянын Илимий жана технологиялык изилдөө кеңешинин төрагасы, профессор доктор Хасан Мандал, Түркиянын башка эч кимге таянбастан, өз инженерлери менен иштеп чыккан байланыш спутниги Түрксат 6Анын космостук изилдөөлөр үчүн жаңы бир башталгыч экенин белгиледи.

Түркиянын алгачкы ата мекендик жана улуттук байланыш спутниги Түрксат 6Анын 400гө жакын түрк инженер жана изилдөөчүнүн эмгеги менен 9 жылда чыгарылганын айткан Мандал: «Байланыш жагынан Түркия жиберген спутниктер бар болчу, бирок бул спутниктер кызматтарды сатып алуу жолу менен ишке ашырды. Алар бизге тиешелүү, бирок баасын төлөп сатып алдык. 6А долбоорлоодон баштап өндүрүшүнө чейин жергиликтүү жана улуттук спутник»,-деди.

Түрксат 6Анын 8-июлда учурула турганын жана дүйнө калкынын 50 пайыздан ашыгына кызмат кыла турганын белгилеген Мандал: «Мурунку спутниктерибиз биз турган география менен байланышты камсыздайт. 6А менен Түркиянын Индонезия, Малайзия жана Индия да болгон дүйнөнүн 5 миллиард калкы менен байланышы камсыздалат. Түркиянын байланышы башка эч кимге таянуу менен эмес, өзүбүздүн инженерлер тарабынан иштелип чыккан спутник менен ишке ашат»,-деп түшүндүрдү



Тектеш кабарлар