Түркия Малайзия үчүн 3 корвет курат

Корветтерде Aselsan, Havelsan жана Roketsan компанияларынын өнүмдөрү орун алат.

2151389
Түркия Малайзия үчүн 3 корвет курат

Түркия Малайзиянын Королдук деңиз флоту үчүн 3 корвет курат.

Ата мекендик коргоо өнөр жайы фирмасы STM тарабынан курула турган корветтер улуттук куралдар менен жабдылат.

Корветтерде Aselsan, Havelsan жана Roketsan компанияларынын өнүмдөрү орун алат.

STM Коргонуу технологияларынын инженерия жана соода аукционердик компаниясынын билдирүүсүнө караганда, «Littoral Mission Ship Batch-2» долбоору үчүн Коргоо өнөр жайынын төрагалыгында азем өткөрүлдү.    

Аземде сөз сүйлөгөн Коргоо өнөр жайынын төрагасы Халук Гөргүн, бул долбоордун эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын башталышы экенин айтты.

Малайзиянын коргоо министри Мохамед Халед Нордин да Түркиянын бүгүнкү күндө өнүккөн аскердик держава, мыкты коргонуу технологияларына ээ жана Батыш Азиядагы эң алдыңкы аскердик өндүрүш өлкөлөрүнүн бири экенине көңүл бурду.  

STM тарабынан өндүрүлө турган 3 корвет өзгөчө Aselsan, Havelsan жана Roketsan сыяктуу 50гө жакын ата мекендик фирманын системалары менен жабдылат.

Заманбап курал системалары, сенсорлор жана командалык башкаруу системасына ээ боло турган Малайзия Корветтери, кеңири миссияларда Малайзиянын деңиз флотуна кызмат кылат.

Тик учак конуучу аянтчасы да боло турган кемелер 3 жарым жылда курулат.



Тектеш кабарлар