Түркия БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги Газа боюнча чечимди кубаттады

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө бул чечимдин маанилүү кадам болгону баса белгиленди.

2151217
Түркия БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги Газа боюнча чечимди кубаттады

Түркия Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде кечээ кабыл алынган Газада ок атышпоо чечимин «кыргынды токтотуу үчүн маанилүү кадам» деп мүнөздөдү.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө бул чечимдин маанилүү кадам болгону баса белгиленип, «Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши тарабынан 10-июнда кабыл алынган Газада ок атышпоо тууралуу 2735 сандуу чечимди Газадагы кыргындын соңуна чыгуу үчүн маанилүү кадам деп эсептейбиз»,делди.

Билдирүүдө Хамастын ок атышпоо планына карата «конструктивдүү жана позитивдүү» мамилеси кубатталганы баса белгиленип: «Израилдин туруктуу ок атышпоону сактоого жана сөз болгон чечимдин бардык элементтерин толугу менен ишке ашырууга милдеттениши өтө зарыл. Түркия согуштун биротоло токтотулушуна, Израилдин Газадан бүткүл чегинүүсүнө, барымтадагыларды жана камактагыларды өз ара бошотууну жана кайтарууну, жер которгон палестиналыктардын Газага кайтып келишине, гуманитардык жардамдын үзгүлтүксүз жана жетиштүү деңгээлде жеткирилишине жана Газанын кайра курулушуна салым кошууну улантат»,-деп айтылды.

(БУУнун Коопсуздук Кеңеши) АКШнын президенти Жо Байден тарабынан 31-майда жарыяланган Газада биринчи этапта ок атышууну тез арада токтотууну караган 3 баскычтуу сунушка колдоо көрсөтүүнү талап кылган резолюция долбоорун кабыл алган болчу.

15 мүчөдөн турган БУУнун Коопсуздук Кеңешинин добуш берүүсүндө резолюция долбооруна 14 «макул», Орусия «калыс» добуш берди.



Тектеш кабарлар