Түрк аскери косоволук балдарга оюн паркын курду

НАТОнун Косоводогу Тынчтык күчүнүн курамында кызмат кылган  Түркия өкүлчүлүгү тарабынан өлкөнүн Драгаш муниципалитетиндеги Фетах Сулеймани башталгыч мектебинде балдар аянтчасы курулду.

2151489
Түрк аскери косоволук балдарга оюн паркын курду

НАТОнун Косоводогу Тынчтык күчүнүн курамында кызмат кылган  Түркия өкүлчүлүгү тарабынан өлкөнүн Драгаш муниципалитетиндеги Фетах Сулеймани башталгыч мектебинде балдар аянтчасы курулду.

Мектепте  өткөрүлгөн ачылуу аземине Түркиянын Приштинадагы элчиси Сабри Тунч Ангылы Түркия өкүлчүлүгү делегациясынын башчысы полковник Сабри Гөкхан Карамүрсел, Драгаш мэринин орун басары Ресул Фетаху жана жергиликтүү жана өлкөдө кызмат кылган түрк мекемелеринин өкүлдөрү менен мугалимдер жана окуучулар катышты.

Элчи Ангылы бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Косованын келечегин тургуза турган балдар үчүн жасалган бул жардамдын абдан баалуу экендигин айтты.

Долбоордун  бүтүшүнө салым кошкон түрк куралдуу күчтөрүнө жана башка мекемелерге ыраазычылык билдирген Ангылы : «Түркия Республикасы өткөн күндө Косовонун жанында кандай болгон болсо,   бүгүн да, келечекте да Косовонун жанында болууну улантат»,-деди.

Түркия өкүлчүлүк делегациясынын башчысы Карамүрсел да Косоводо түрдүү тармактарда ишке ашырган долбоорлордун арасында балдарга багытталган долбоорлордун маанисине токтолуп : «Өкүлчүлүк делегациясынын башчысы  катары 25 жылдын ичинде Косово боюнча  түрдүү тармактарда 370 долбоорду ишке ашырдык жана буга абдан кубанычтабыз жана сыймыктанабыз»,- деди.

Фетах Сүлеймани башталгыч мектебинин балдар аянтчасынын ачылыш лентасы кесилгенден кийин азем аяктады.



Тектеш кабарлар