Шойгу : "Түркия - Россия байланышын күчөтүүгө даярмын"

Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Сергей Шойгу кечээ борбор шаар Москвада тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушту.

2151491
Шойгу : "Түркия  -  Россия байланышын күчөтүүгө даярмын"

Россиянын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Сергей Шойгу коопсуздук кеңешинин деңгээлинде Түркия менен Россиянын ортосундагы байланышты күчөтүүгө даяр экендигин айтты.

Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Сергей Шойгу кечээ борбор шаар Москвада тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушту.

Шойгу жолугушууда : «Коопсуздук кеңештеринин деңгээлинде Россия  - Түркия карым-катнаштарын арттырууга даярмын.Улуттук Чалгындоо Уюмунун директору Ибрахим Калын, улуттук коргоо министри Яшар Гүлдерге жана Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Сейфуллах Хажымүфтүоглуна салам айтам.  Бул жылы Москвада же Анкарада коопсуздук маселелери боюнча эки тараптуу кеңешүүлөрдүн өткөрүлүшүн сунуш кылам»,- деди.

Катчылыктан берилген маалыматта Шойгу  -  Фидан жолугушуусунда эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда Россия  - Түркия коопсуздук кызматташтыгынын сүйлөшүлгөндүгү белгиленип : «Эл аралык жана аймактык коопсуздуктун бекемделиши менен стратегиялык  тең укуктуу, эки тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүү ниети тастыкталды»,- деп айтылды.

 

 

 



Тектеш кабарлар