Министр Фидан БРИКС+ сессиясында катышуучуларга кайрылуу жасады

БРИКС+ сессиясы Нижний Новгороддо өттү.

2151658
Министр Фидан БРИКС+ сессиясында катышуучуларга кайрылуу жасады

Тышкы иштер министри Хакан Фидан БРИКСтин тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алкагында өткөрүлгөн БРИКС+ сессиясында катышуучуларга кайрылуу жасады.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Фидан 2023-жылдын октябрынан бери Газада болуп жаткан окуяларга жана анын глобалдык башкарууга тийгизген таасирине көңүлдөрдү буруп: «Израилдин Палестина аймагын оккупациялоосу басып алуу, массалык жер которуу, этникалык тазалоо жана согуш кылмыштары менен кеңейүүдө»,- деди.

Орусия кезектеги төрагасы болгон БРИКСтин тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алкагында БРИКС+ сессиясы Нижний Новгороддо өттү.

Министр Фидан бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, 2023-жылдын октябрынан бери Газада болуп жаткандарга жана анын глобалдык башкарууга тийгизген таасирине көңүлдөрдү буруп: «Бир нече адамдын эки жүздүүлүгүнөн жана стратегиялык сокурдугунан улам 36 миңден ашуун палестиналык каза болду, миллиондогон адамдар жер которду жана Газа тилкеси толугу менен жок болуунун алдында турат. Израилдин Палестина аймагын оккупациялоосу басып алуу, массалык жер которуу, этникалык тазалоо жана согуш кылмыштары менен кеңейүүдө»,-деп айтты.

Фидан АКШнын үч баскычтуу ок атышпоо сунушуна ылайык Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин чечими бар экенин эске салып: «Бул оң кадам болгону менен жетиштүү эмес. Эки мамлекеттүү чечим болмоюнча Израилдин да, Палестинанын да коопсуздугу жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес»,- деди.

Газада акыркы 8 айдан бери ар кимдин көз алдында болуп жаткандардын нормалар жана баалуулуктардын бузулганын апачык көрсөткөнүн белгилеген Фидан, эл аралык тартиптин кош стандарттар менен жөнгө салынышына жол берилбесин, эл аралык мамилелерде көбүрөөк кызматташтык жана дипломатия, азыраак чыр-чатактар ​​колдоого алынышы керектигин айтты.



Тектеш кабарлар