Эрдоган Түрк Кызылайынын 156 жылдыгына байланыштуу билдрүү жарыялады

Эрдоган билдирүүсүндө кайрымдуулуктун, боорукердиктин жана тилектештиктин символуна айланган Түрк Кызылайынын  кызматтары менен бардык тармакта дүйнөнүн алдыңкы жана кадыр-барктуу уюмдарынын арасында экенин баса белгиледи.

2151506
Эрдоган Түрк Кызылайынын 156 жылдыгына байланыштуу билдрүү жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түрк Кызылайынын кыйын абалда калгандардын келечекке үмүт менен карашы үчүн бардык күчү менен аракет кылганын белгиледи.
Президент Эрдоган Түрк Кызылайынын 156 жылдыгына байланыштуу билдирүү жарыялады. 

Эрдоган билдирүүсүндө кайрымдуулуктун, боорукердиктин жана тилектештиктин символуна айланган Түрк Кызылайынын  кызматтары менен бардык тармакта дүйнөнүн алдыңкы жана кадыр-барктуу уюмдарынын арасында экенин баса белгиледи.

"Жакшылыктын күчү менен адамдын жана коомчулуктун сыймыгын сактоону, кайгыдан арылтууну өзүнө милдет кылып алган" Түрк Кызылайынын  акыркы жолу кылымдын апааты болгон  6 -  февралдагы жер титирөөдө болгондой муктаж болгон учурда биирнчи жардамды берип, мээримдүүлүк колун узаткандыгын белгилеген Эрдоган буларды айтты : "Эл аралык жардамдардан социалдык иш  -  чараларга, миграциялык изилдөөлөрдөн биринчи жардамга, кырсыктарда уюмдашуудан  кан тапшырууга чейин көптөгөн тармакта кыйынчылыкта адамдарга колдоо көрсөткөн Түрк Кызылайынын бардык ыктыярчыларынын ишин колдойбуз. Түрк Кызылайы кыйын абалда болгондордун келечекке үмүт менен кароосуна мүмкүнчүлүк түзүү үчүн болгон күчү менен иштеп жатат. Бул маанилүү күндө Түрк Кызылайынын бардык кызматкерлерине, ыктыярчыларга чын жүрөктөн салам айтам жана ишинде ийгилик каалаймын".

 

 



Тектеш кабарлар