Эрдоган менен Алиевдин жолугушуусу тууралуу билдирүү

Жолугушууда оккупациядан бошотулган Азербайжан жериндеги курулуш иштери, аймактык жана глобалдык темалар талкууланды.

2151395
Эрдоган менен Алиевдин жолугушуусу тууралуу билдирүү

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушуусунда Израилдин Газада жасаган кыргындары, оккупациядан бошотулган Азербайжан жериндеги курулуш иштери, аймактык жана глобалдык темалар талкууланды.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда Эрдоган менен Алиев кечээ борбор шаар Анкарада президенттик комплексте жолугушту.

Президент  Эрдоган жолугушууда Түркиянын Карабахтагы Россиянын Тынчтык күчүнүн аймактан чыгышына байланыштуу процессти байкап жатканын, армян оккупациясынан  бошотулган Азербайжан жерлериндеги курулуш иштерин кубатташкандарын белгиледи.

Израилдин Газа башта болгон  Палестина жерлериндеги кыргындарынын уланып жаткандыгын, Израилдин бул кылмыштар менен бир гана аймактык коопсуздук эле эмес, глобалдык коопсуздукту да коркунучка салгандыгын баса белгилеген Эрдоган туруктуу чечүүчү жолдун борбор шаары Чыгыш Кудс болгон Палестина мамлекетинин курулушу экендигине жана бул үчүн эл аралык коомчулук тарабынан Израилге кысым жасалышы керектигин айтты.

Азербайжан Улуттук Парламентинде Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен Парламенттер аралык достук тобун түзүү чечиминин кубантуучу экендигин белгилеген Эрдоган, июль айында Шушада боло турган Түрк Мамлекеттер Уюмунун саммитине Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татардын чакырылышынын Кипр доосуна күч кошкондугун да белгиледи.

Азербайжанда өткөрүлө турган Климат саммитине карата чакырууларынан улам Алиевге ыраазычылык билдирген Эрдоган даярдык процессинде Түркиянын бардык колдоону көрсөтөрүн айтты.

Эрдоган саммитте жубайы Эмине Эрдогандын жетекчилигинде жүргүзүлгөн «Нөл таштанды долбоорунун» негизинде маанилүү иш -  чараларды өткөрөрүн айтты.



Тектеш кабарлар