Түркия-Малайзия коргонуу кызматташтыгы

Коргонуу технологияларынын инженерия жана соода аукционердик компаниясы (STM) тарабынан курула турган үч корвет үчүн кабыл алуу каты (Letter of Acceptance/LoA) тапшырылды.

2151090
Түркия-Малайзия коргонуу кызматташтыгы

Малайзия менен Түркиянын ортосунда «Коргонуу өнүмдөрүнүн мамлекеттен мамлекетке жеткирилиши боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна» кол коюлду.

Коргонуу технологияларынын инженерия жана соода аукционердик компаниясы (STM) тарабынан курула турган үч корвет үчүн кабыл алуу каты (Letter of Acceptance/LoA) тапшырылды.

Коргоо өнөр жайынын төрагалыгында өткөрүлгөн аземге Малайзиянын коргоо министри Мохамед Халед Нордин, коргоо өнөр жайынын (SSB) төрагасы проф. др. Халук Гөргүн, коргоо өнөр жайынын төрагасынын орун басарлары проф. др. Ихсан Кая, Мустафа Мурат Шекер, Хүсейин Авшар жана Гөкхан Учар, Малайзиянын Коргоо министрлиги менен Малайзиянын Ички иштер министрлигинин делегациялары жана сектор өкүлдөрү катышты.

Коргоо өнөр жайынын (SSB) төрагасы Гөргүн Малайзия менен коргонуу өнүмдөрүн жеткирүү темасында кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандумунун Түркия менен дос жана союздаш өлкө Малайзиянын коргоо өнөр жайы кызматташтыгында жаңы стратегиялык өнөктөштүк доорун жар салганын белгиледи.

Гөргүн өз ара түшүнүшүү меморандумунун түрк коргоо өнөр жайынын жетишкендигин жана шериктештердин Түркияга болгон ишенимин көрсөткөнүнө көңүл бурду.

Өз ара түшүнүшүү меморандуму эки өлкөнүн деңиз платформалары жаатындагы узак мөөнөттүү кызматташтыгынын башталышы болуп саналат.



Тектеш кабарлар