Министр Фидан Орусияга барды

Жолугушууларда Газадагы акыркы абалдар, өзгөчө Украина, Сирия, Ливия жана Түштүк Кавказ сыяктуу аймактык жана эл аралык маселелер каралат.

2150631
Министр Фидан Орусияга барды
fidan şoygu.jpg
hakan fidan-turk-rus is insanlari moskova.jpg
hakan fidan ahiska turkleri.jpg

Тышкы иштер министри Хакан Фидан бүгүн Орусияга барды.

Хакан Фидан алгач Орусиянын борбор шаары Москвада Ахыска түрктөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушту.

Фидан андан соң Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу менен жолугушту.

Хакан Фидан Орус-Түрк ишкерлер коому (RTIB) уюштурган иш-чарага да катышты.

Министр Фидан 2 күндүк сапарынын алкагында орус кесиптеши Сергей Лавров жана башка жетекчилер менен жолугушат жана 11-июнда боло турган БРИКС+ сессиясына катышат.

Жолугушууларда Газадагы акыркы абалдар, өзгөчө Украина, Сирия, Ливия жана Түштүк Кавказ сыяктуу аймактык жана эл аралык маселелер каралат.

Министр Фидан Түркиянын аймакта уланып жаткан согуштун эң кыска убакытта тынчтык жолу менен бүтөөрүн күтүүсүн жана бул багытта бардык колдоосун көрсөтүүгө даяр экенин билдирүүсүн кайталайт.

2006-жылдын июнь айында Орусиядагы Санкт-Петербург шаарында өткөн Эл аралык экономикалык форумунда Бразилия, Орусия, Индия жана Кытайдын чогулуусу менен түзүлгөн БРИКС уюму 2010-жылы Түштүк Африканын, 2024-жылы Египет, Эфиопия, Иран жана Бириккен Араб Эмирликтеринин( БАЭ) катышуусу менен эл аралык түзүмгө айланган.

Дагы 30 өлкө кошулууга даяр болгон БРИКС глобалдык экономикада маанилүү позицияга ээ жана дүйнөлүк тартипте альтернативалуу биримдикке айлануу жолунда.



Тектеш кабарлар