Гүлер террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүккө басым жасады

Яшар Гүлердин жетекчилигинде; Күчтөрдүн командирлеринин, министрдин орун басарларынын, ички жана чек ара бөлүктөрдүн командирлеринин катышуусунда видео-телеконференция өткөрүлдү.

2151124
Гүлер террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүккө басым жасады

Улуттук коргоо министри Яшар Гүлер Сириянын түндүгүндө террордук мамлекеттин курулуусуна уруксат бербей тургандарын айтты.

Яшар Гүлердин жетекчилигинде; Күчтөрдүн командирлеринин, министрдин орун басарларынын, ички жана чек ара бөлүктөрдүн командирлеринин катышуусунда видео-телеконференция өткөрүлдү.

Гүлер жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын Сириянын түндүгүндө басып алган аймактарда шайлоо өнөктүгү деп аталган өнөктүккө катуу каршы чыкты.

Министр Гүлер: «Террордук уюм ПККнын Сириядагы уландыларынын Сирия Демократиялык Күчтөрү (SDF) деген атын колдонуп, араб калкы жыш жашаган аймактарда жергиликтүү шайлоо деп аталган шайлоо өткөрүү аракети көңүлдөрдү бурууда. Маселе террордук уюмдун ДЕАШка каршы күрөшү катары көрсөтүлүп, эл аралык коомчулук адаштырылып жатат»,- деди.

«Бирок маселе ДЕАШ менен күрөшүү эмес, өлкөбүздү жана аймакты түздөн-түз бутага алган тымызын планды этап-этабы менен ишке ашыруу аракетинин болуп жатканында»,- деп айткан Гүлер:«Террордук уюм ПКК/ЙПГ тарабынан аймактык чындыктарга туура келбеген жасалма террор мамлекетин куруу баскычы катары көргөн бул шайлоо кампанияларын таптакыр четке кагабыз. Түрк куралдуу күчтөрү түштүк чек араларынын дароо сыртында жикчил уюмдун террор коридорун түзүшүнө эч качан уруксат бербейт»,- деди.



Тектеш кабарлар