Түрк космонавт Атасевердин учушу башталды

Атасевер изилдөөчү космонавт катары орун алган команданын курамында АКШдан эки жана Италиядан бир жеке космонавт бар.

2150400
Түрк космонавт Атасевердин учушу башталды

Түркиянын экинчи космонавты Тува Жихангир Атасевер да орун алган Virgin Galactic компаниясынын "VSS Unity" суборбиталдык унаасын ташыган учак АКШнын Нью-Мексико штатындагы Spaceport  космодромунан учуп кетти.

Атасевер мүчө болгон «Галактика 07» командасы үй-бүлөлөрү менен коштошкондон кийин кол чабуулардын коштоосунда «VSS Unity» суборбиталдык унаасын көздөй жөнөштү.

Учактын Космос портунан көтөрүлүшү менен 4 космонавт жана 2 учкучтан турган 6 кишилик «Галактика 07» командасынын мүчөсү Атасевердин суборбиталдык изилдөө учуу иштерине бүт көңүл бурулду.

Атасевер изилдөөчү космонавт катары орун алган команданын курамында АКШдан эки жана Италиядан бир жеке космонавт бар.

Болжол менен 1 саат 10 мүнөткө созулушу пландалган учууда, "VSS Unity" суборбиталдык унаасынын ташуучу учак аркылуу болжол менен 45 миң фут бийиктикке чыгышы, андан кийин гибриддик күйүүчү ракета кыймылдаткычын от алдыруу менен болжол менен 90 километр бийиктикке жетиши күтүлүүдө.

Атасевердин болжол менен 3 мүнөттүк эркин түшүү фазасында микрогравитация чөйрөсүндө 7 илимий эксперимент жүргүзүү пландалууда.



Тектеш кабарлар