Эрдоган мугалим Айбүкени эскерди

Музыка мугалими Айбүке Ялчын 7 жыл мурун Батмандын Козлук районунда чыккынчылык менен жасалган террордук кол салууда шейит болгон.

2150534
Эрдоган мугалим Айбүкени эскерди

Президент Режеп Таййип Эрдоган 7 жыл мурда жикчил террордук уюм ПКК тарабынан шейит болгон мугалим Айбүке Ялчынды эскерди.

Президент Эрдоган социалдык тармактагы билдирүүсүндө: «Кесибин аркалоодон, мекенине, улутуна пайдалуу болуу, шакирттерине жакшы билим берүүдөн башка максаты болбогон, бирок жикчил террористтердин чыккынчылык чабуулунун натыйжасында шейит болгон Айбүке Ялчынды шейит болгонунун 7 жылдыгында ырайым менен эскерем. Айбүке кызыбызды өлтүргөндөр менен күрөшүүбүздү өлкөбүздө да, аймагыбызда да улантуудабыз»,-деди.

Музыка мугалими Айбүке Ялчын 7 жыл мурун Батмандын Козлук районунда чыккынчылык менен жасалган террордук кол салууда шейит болгон.



Тектеш кабарлар