ТИКА менен ИКУ кызматташат

ТИКАнын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда, Ислам Кызматташтык Уюмунун Жиддадагы башкы катчылыгынын имаратында өткөрүлгөн аземде кол коюлган меморандум мекемелердин өз тармактарындагы билим, тажрыйба жана байланыш тармактарын бириктирүүнү максат кылууда.

2149280
ТИКА менен ИКУ кызматташат

Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (ТИКА) менен Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) ортосунда ИКУга мүчө өлкөлөр үчүн өнүктүрүү жана гуманитардык жардам көрсөтүү жаатында мекемелер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө максатында өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

ТИКАнын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда, Ислам Кызматташтык Уюмунун Жиддадагы башкы катчылыгынын имаратында өткөрүлгөн аземде кол коюлган меморандум мекемелердин өз тармактарындагы билим, тажрыйба жана байланыш тармактарын бириктирүүнү максат кылууда.

Эл аралык өнүгүү аракеттеринде жалпы максаттарга ылайык кызматташуу пландаштырылган келишим өзгөчө өнүктүрүү боюнча кызматташтык, жакырчылыкты жоюу жана жакырчылыкты кыскартуу, айрыкча табигый кырсыктардан же кагылышуулардан жапа чеккендер үчүн ИКУга мүчө мамлекеттер арасында өнүктүрүү жана гуманитардык жардам чөйрөсүндө институттар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган.

Өз ара түшүнүшүү меморандуму ИКУга мүчө мамлекеттерде жакырчылыкты кыскартуу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, суу жана гигиена, айыл жана шаар жерлеринде туруктуу жашоо мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү сыяктуу түрдүү тармактарда кызматташуу долбоорлорун ишке ашырууну камтыйт.

Мамлекеттик мекемелерге социалдык-экономикалык программаларды ишке ашырууда техникалык жана өнүктүрүү боюнча жардам көрсөтүү жана ИКУнун кызматкерлери менен ИКУга мүчө өлкөлөрдүн тиешелүү мекемелеринин кызматкерлери үчүн потенциалды жогорулатуу боюнча тренингдерди уюштуруу да ушул меморандумдун алкагында орун алды.



Тектеш кабарлар