АКШдан Ф - 16лар тууралуу билдирүү

АКШнын тышкы иштер министрлиги АКШ менен Түркиянын ортосунда жаңы муун  Ф  - 16  Блок  70 аскердик учактарынын сатып алынышы жана учурдагы флоттун модернизациясына карата кадам ташталгандыгын жарыялады.

2149706
АКШдан Ф - 16лар тууралуу билдирүү

АКШнын тышкы иштер министрлиги АКШ менен Түркиянын ортосунда жаңы муун  Ф  - 16  Блок  70 аскердик учактарынын сатып алынышы жана учурдагы флоттун модернизациясына карата кадам ташталгандыгын жарыялады.

АКШнын мамлекеттик департаментинин саясий - аскердик маселелер боюнча бюросу бугунку билдируусундө : «АКШ Түркиянын эң жакын союздаштарга жана өнөкөштөргө гана берилген, ушул кезге чейин чыгарылган  жаңы муун Ф  - 16  Блок 70 аскердик учактарынын сатып алынышы тууралуу бүгүн маанилүү кадамдын ташталышынан сыймыктанууда. Бул АКШнын Түркия менен түзгөн коопсуздук өнөктөштүгүнө болгон чексиз берилгендигинин акыркы мисалдарынын бири гана», - деп айтылды.

АКШнын Анкарадагы элчиси Жеффри Флейк болсо Түркия Республикасынын коргоо жана тышкы иштер министрлигине ыраазычылык билдирип : «Түркиянын акыркы муун Ф  - 16 Блок 70 аскердик учактарын алышы жана учурдагы Ф  - 16 флотун модернизациялоосу тууралуу бүгүн маанилүү бир кадам ташталды. Бул АКШнын  улуттук коопсуздугу, Түркиянын улуттук коопсуздугу жана НАТОнун өз ара аракеттешүүсү үчүн жакшы кадам. Түркия Республикасынын коргоо министрлигине жана Түркия Республикасынын тышкы иштер министрлигине жүргүзгөн иштери үчүн ыраазычылык билдиребиз»,- деди.



Тектеш кабарлар