Жевдет Йылмаз : "Түндүк Кипр Түрк Республикасы улуттук дообуз"

Вице  - президент Жевдет Йылмаз Кипр түркүнүн эркиндиги жана коопсуздугу сыяктуу эле өсүп өнүккөн, финансылык түзүлүшү күчтүү Түндүк Кипр Түрк Республикасы да улуттук доосу экендигин айтты.

2149109
Жевдет Йылмаз : "Түндүк Кипр Түрк Республикасы улуттук дообуз"

Вице  - президент Жевдет Йылмаз Кипр түркүнүн эркиндиги жана коопсуздугу сыяктуу эле өсүп өнүккөн, финансылык түзүлүшү күчтүү Түндүк Кипр Түрк Республикасы да улуттук доо экендигин айтты.

Жевдет Йылмаз жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер  - министри Үнал Үстел борбор шаар Анкарада президенттик комплексте өткөрүлгөн азем менен Түркия – Түндүк Кипр Түрк Республикасынын  2024  - жылдагы экономикалык жана финансылык кызмтташуу келишимине кол койду.

Кол коюу аземинен кийин биргелешкен пресс  - жыйын өткөрүлдү.

Туризмден жогорку билим берүү, энергетикадан демилгечилик колдоолоруна, жергиликтүү башкаруу долбоорлоруна чейин көптөгөн тармакта Түндүк Кипр Түрк Республиксына өнүгүү колдоосунун берилгендигин баса белгилеген Йылмаз : «Түркия катары, кипрлик түрктөрдүн ылайык болгон бейпилдик деңгээлине жетиши үчүн ушул убакка чейин эч кандай күчүбүздү аябадык жана мындан ары дагы кылдаттык менен аракетибизди улантабыз»,-деди.

Кол коюлган  2024 – жылдын келишиминде Түндүк Кипр Түрк Республикасынын экономикалык жана финансылык кызматташуусу үчүн 14 миллиард лирага жакын жаңы каражат бөлүшкөндөрүн белгилеген Йылмаз : «Түркия Республикасы Кипр түркүнүн экономикалык жана социалдык жактан күчтүү бир деңгээлге жетиши үчүн ар дайым тилектештик ичинде Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен бирдикте иштеди, биргеликте иштөөнү да улантат»,- деди.

Вице  - президент : «Кипр түркүнүн эркиндиги жана коопсуздугу кандай улуттук дообуз болгон болсо  өндүргөн, өскөн, финансылык түзүлүшү күчтүү Түндүк Кипр Түрк Республикасы да улуттук дообуз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар