Өзбекстандын президенти Мирзиеев эртең Түркияга келет

Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы соода мамилелеринде жаңы доор башталууда.

2148938
Өзбекстандын президенти Мирзиеев эртең Түркияга келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эртең Түркияга келет.

Мирзиёевдин расмий сапары эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлдеги стратегиялык карым  - катнаштарды бекемдей тургандыгы күтүлүүдө.

Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы соода мамилелеринде жаңы доор башталууда.

2016 - жылы 1 миллиард 242 миллион доллар болгон эки тараптуу соода көлөмү 2020-жылы 2,1 миллиард долларга, 2023-жылы 3,1 миллиард долларга жетти.

Эки өлкөнүн ортосундагы билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият тармагындагы мамилелер тездик менен өнүгүүнү улантууда. Мунун алкагында өткөн жылы эки өлкөнүн ортосунда саламаттыкты сактоо жана билим берүү форумдары өткөрүлдү.

Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте эки өлкөнүн биргелешкен университетин түзүү боюнча иштер уланууда.

Түрк ишкерлери тарабынан көп жолу айтылган маселелердинбири болгон виза темасында да оң кадамдар ташталды.

2017 - жылы өзбек өкмөтү түрк жарандарына 3 күндүн ичинде виза берүүнү караган токтомго кол койгон. 2018 - жылдын февраль айында түрк жарандарына 30 күндүк виза жеңилдиги берилген.

Натыйжада эки өлкөнүн жарандарынын өз ара иш сапарлары көбөйдү. Түркияга келген өзбектердин саны 2016 -  жылы 150 миңдин тегерегинде болсо, 2023-  жылы 500 миңге жакындады.

2016 - жылга чейин эки өлкөнүн ортосунда жумасына 5 жолу каттаган пландуу каттамдар да акыркы жылдарда олуттуу түрдө өстү. Азыр Өзбекстан менен Түркиянын ортосунда жумасына 60 пландуу каттам бар.

 



Тектеш кабарлар