Эрдоган дүйнөлүк экология күнүнө карата билдирүү жарыялады

Президент дүйнөнүн глобалдык ысынуу, чөлгө айлануу, биологиялык түрдүүлүктүн азайышы сыяктуу абдан маанилүү экологиялык апаттар менен бетме  - бет экендигин белгиледи.

2149098
Эрдоган дүйнөлүк экология күнүнө карата билдирүү жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган жашыл, таза Түркия үчүн иштерди ылдамдык менен жүргүзүп жаткандарын айтты.

Эрдоган  5 -  июнь Дүйнөлүк экология күнүнөн улам билдирүү жарыялады.

Президент дүйнөнүн глобалдык ысынуу, чөлгө айлануу, биологиялык түрдүүлүктүн азайышы сыяктуу абдан маанилүү экологиялык апаттар менен бетме  - бет экендигин белгиледи.

Глобалдык экологиялык маселелердин  чечилиши менен дагы жашоого ылайыктуу жана жашыл дүйнөнүн болушу мүмкүн экенин белгилеген Эрдоган экологиялык маселелердин бүткүл адамзаттын орток маселеси экенин жана алардын чечилиши эл аралык кызматташтыкты талап кылганын баса белгиледи.

Эрдоган Түркияда 2022 - жылдан тарта дүйнөлүк экологияны коргоо күнүн белгилөө жана экологиялык маселелер менен өнүгүүлөргө баа берүү максатында 5 - июнь жумасы Түркиянын экология жумалыгы катары белгилене баштаганын эске салды.

Эрдоган жаратылыш байлыктарын коргоо, пландалган урбанизация иштери, токой өстүрүү кампанияларына жана экологиянын булганышын алдын алууга багытталган долбоорлорду да колдогондорун айтты.

Президент Эрдоган : «Түркия кылымынын курулушу үчүн экология темасында илхамды  эзелки  цивилизациябыздан алган бир түшүнүк менен иштерибизди улантабыз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар