Эрдоган 29 - Эл аралык Каспий мунай жана жаратылыш газ жарманкесинин ачылышына билдирүү жөнөттү
Президент Режеп Таййип Эрдоган Азербажан менен Түркиянын биргелешкен проекттеринин эки өлкөнү эле эмес, аймактын жана Европанын энергетика коопсуздугуна да салым кошкондугун белгиледи.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Азербайжан менен Түркиянын биргелешкен проекттеринин эки өлкөнү эле эмес, аймактын жана Европанын энергетика коопсуздугуна да салым кошкондугун белгиледи.
Президент Эрдоган Азербайжандын борбор шаары Бакуда өткөрүлгөн 29 - Эл аралык Каспий мунай жана жаратылыш газ жарманкесинин ачылышына билдирүү жөнөттү.
Баку Энергетика жумалыгынын негизинде өткөрүлгөн бардык иш - чаралардын оң жыйынтыктарга жол башчылык кылышын каалагандыгын белгилеген Эрдоган бул иш - чаранын Түркия менен Азербайжандын ортосундагы кызматташуунун тереңдешине себеп болушун жана аймактын тынчтык жана туруктуулугуна салым кошуусун каалады.
Эрдоган Түркия менен Азербайжандын ар тармакта болгондой эле энергетика тармагында да күчтүү карым - катнашка ээ экендигин баса белгилеп : «Көптөгөн жылдарга таянган жана Баку - Тбилиси - Жейхан, Баку - Тбилиси – Эрзурум куурлары менен Транс Анадолу жаратылыш газ кууру (ТАНАП) сыяктуу структуралык инвестициялары түзүлгөн кызматташуубуз бир гана Түркия менен Азербайжанга пайда алып келген жок, аймактын жана Европанын энергетика коопсуздугуна да маанилүү салым кошту. Түркмөнстанда өндүрүлө турган газдын бирдикте жүргүзгөн иштерибиз менен Түркияга жана Европага өткөрүлүшү жана ТАНАПтын көлөмүнүн кеңейтилиши эми бир гана убакыт маселеси. Бул тууралуу иштерибиздин жакында түшүмүн бериши Түркия жана Азербайжандын башка бир орток ийгилиги болоруна шек жок»,- деди.
Эрдоган түрк дүйнөсү катары өлкөлөрдүн арасында саясий, экономикалык, соода, коопсуздук, аскердик, коргонуу өнөр жайы, транспорт, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият тармактарында болгондой эле энергетика тармагында да кызматташууларын дагы да жогорку деңгээлге чыгарууну каалагандарын белгиледи.
Тектеш кабарлар
Руанданын президенти Түркияга келди
Президент Эрдоган Пол Кагамени Президенттик комплексте расмий азем менен тосуп алды.