Алтун «Жаран дипломат долбоорун» таанытуу программасына катышты
Алтун: «Жарандарыбызды коомдук дипломатия иштеринде активдүү актер кылабыз»,-деди.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Түркиянын адилеттүүлүк жана калыстык түшүнүгүн дүйнөгө жайылта тургандарын айтты.
Алтун борбор шаар Анкарадагы Президенттиктин Коммуникация башкармалыгында өткөрүлгөн «Жаран дипломат долбоорун» таанытуу программасына катышты.
Жаран дипломат долбоору менен Түркиянын күчүн жана потенциалын бүткүл дүйнөгө жарыялоону каалашкандарын белгилеген Алтун: «Жарандарыбызды коомдук дипломатия иштеринде активдүү актер кылабыз»,-деди.
Алтун: «Түркия катары президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигиндеги демилгелер менен эл аралык система кризистеринин чечилишине салым кошууга аракет кылып, экинчи жагынан бул жаңы муундагы элдик дипломатия долбоору менен өлкөбүздүн күчүн, тажрыйбасын, потенциалын, тарыхын жана бардык билимин бүткүл дүйнөгө жар салгыбыз келет»,-деп айтты.
Алтун биринчи кезекте ар бир атуулду, өзгөчө чет өлкөдө жашаган же чет өлкөгө көп барган жарандарды ыктыярдуу элчи катары көрүшкөнүн баса белгиледи.
Коммуникация башкармалыгынын башчысы: «Өлкөнүн ичинде жана чет өлкөлөрдө өткөрө турган жолугушуулар, эң актуалдуу маалыматтар менен жабдылган жазуу жана визуалдык материалдар менен жарандарыбызды коомдук дипломатия иштеринде активдүү актерго айландырууга аракет кылабыз. Бул тармактагы иш-аракеттерибиз менен Түркиянын адилеттүүлүк жана калыстык түшүнүгүн бекемдеп дүйнөгө жайылтабыз»,-деди.
Тектеш кабарлар

Президент Эрдоган Малайзияга барды
Эрдогандын премьер - министр Энвер Ибрахим азем менен тосуп алды.