Эрдоган: «Газага байланыштуу бардык аракетибизди жумшайбыз»

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) төрагасы Эрдоган Батманда жергиликтүү шайлоо иш-чараларынын алкагында өткөрүлгөн митингде элге кайрылуу жасады.

2121217
Эрдоган: «Газага байланыштуу бардык аракетибизди жумшайбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Газадагы палестиналыктардын тынчтык жана бейпилдикке жетиши үчүн бардык аракетти жумшай тургандарын айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК партия) төрагасы Эрдоган Батманда жергиликтүү шайлоо иш-чараларынын алкагында өткөрүлгөн митингде элге кайрылуу жасады.

Президент Эрдоган, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Газада ок атышпоо чечимине байланыштуу: «Батыштын эрке жана мыйзамга баш ийбеген баласы Израилге ок атышпоо чечимине баш ийүү үчүн кысымдын күчөшү керек. Түркия катары биз бул чечимдин талаптарын аткаруу үчүн өз салымыбызды кошобуз жана аны кубаттайбыз. Газалык боордошторубуздун тынчтыкка жана бейпилдикке мүмкүн болушунча тезирээк жетиши үчүн бардык аракетти жумшайбыз»,-деп айтты.

 



Тектеш кабарлар