Түркиядан адилеттүү жоопкерчилик чакырыгы
Серим Швейцариянын Женева шаарында «Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Европа Экономикалык Кеңешинин Глобалдык Миграция келишимин экинчи жолу карап чыгуу жыйынынын» алкагында өткөрүлгөн жогорку деңгээлдеги панелдик сессиясында онлайн сөз сүйлөдү.
Тышкы иштер министринин орун басары Ясин Экрем Серим, эл аралык коомчулуктун качкындар темасында жүктү жана жоопкерчиликти адилеттүү бөлүшүү үчүн өз милдетин аткаруусу жана миграциялык кризистерге каршы биргелешип иштөөсү керектигин айтты.
Серим Швейцариянын Женева шаарында «Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Европа Экономикалык Кеңешинин Глобалдык Миграция келишимин экинчи жолу карап чыгуу жыйынынын» алкагында өткөрүлгөн жогорку деңгээлдеги панелдик сессиясында онлайн сөз сүйлөдү.
Министрликтин Х социалдык медиа баракчасынан жарыяланган билдирүүгө караганда Серим, БУУнун Европа Экономикалык Кеңешинин Глобалдык Миграция келишимин экинчи жолу карап чыгуу жыйынындагы» онлайн кайрылуусунда Түркиянын мыйзамсыз миграция жана мигрант аткезчилиги менен күрөшүүдөгү чечкиндүүлүгүн билдирди.
Серим, эл аралык коомчулуктун качкындар темасында жүктү жана жоопкерчиликти адилеттүү бөлүшүү үчүн өз милдетин аткаруусу жана миграциялык кризистерге каршы биргелешип иштөөсү керектигин баса белгиледи.