Министр Байрактар : "Бул жылы Кара деңизде изилдөө жүргүзөбүз"
Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар бул жылы энергетикада жаңы ачылууларды күтүп жаткандыгын белгилеп : «Кара деңизде абдан маанилүү 3 жерде чалгындоо иштерин жүргүзөбүз»,-деди.
2114977

Министр Байрактар Стамбулдагы билдирүүсүндө, энергияга болгон тышкы көз карандылыкты азайтуу үчүн булак издөөнүн көбөйтүлүшү керектигине көңүл буруп : «2024 - жылы биз үмүт кылган Габарда жана Хаккариде геологиялык чалгындоо бургулоо иштерин жүргүзөбүз. 2024-жылы Кара деңизде абдан маанилүү 3 жерде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзөбүз. Буюрса, булардын баарынан жаңы ачылуулардын чыгарына ишенебиз»,- деп баа берди.