Жевдет Йылмаз Лондондо жолугушууларды өткөрүп, маалымат берди

Вице-президент Жевдет Йылмаз Англиянын вице-премьер-министри Оливер Дауден менен жолугушту.

2108395
Жевдет Йылмаз Лондондо жолугушууларды өткөрүп, маалымат берди

Вице-президент Жевдет Йылмаз Англиянын вице-премьер-министри Оливер Дауден менен соода, экономикалык карым-катнаштарды, эки тараптуу жана аймактык темаларды сүйлөшкөндөрүн билдирди.

Жевдет Йылмаз Англия сапарынын алкагында борбор шаар Лондондо Оливер Дауден менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин билдирүү жасаган Йылмаз: «Биз соода-экономикалык мамилелерибизге баа бердик. Белгилүү болгондой, Brexitтен кийин (Британия Евробиримдиктен чыккандан кийин) Эркин соода келишимин түздүк. Эми биз бул келишимди мындан ары да илгерилетип, тереңдетип, масштабын жакшырткыбыз келет.  Бул өңүттө сүйлөшүүлөр уланып, оң багытта баратат. Саясий жана аймактык маселелерди да баалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук»,-деп айтты.

Йылмаз бардык тармактарда диалог жана жогорку деңгээлдеги карым-катнаштарды улантуунун маанисине көңүл буруп: «Биз Англия менен бул жагынан абдан жакшы абалдабыз. Бардык деңгээлдеги жолугушууларыбыз жана байланыштарыбыз уланууда. Бул эки өлкөгө тең пайда алып келе турган демилгелерди колдойт»,-деди.

Коргоо өнөр жайынан энергетикага чейин көптөгөн тармактагы долбоорлордун сүйлөшүлгөнүн түшүндүргөн Жевдет Йылмаз Англиядагы жолугушууларынын алкагында инвесторлор менен да жолугуша турганын айтты.

Йылмаз эл аралык түз инвестициялардын маанисине токтолуп: «Улуу Британиянын Түркияда 13 миллиард доллардан ашык инвестициясы бар. Түрк фирмаларынын да Англияга инвестициясы бар. Буларды дагы бийик деңгээлге чыгаргыбыз келет. Соодада да буюрса 20 миллиард доллардан ашабыз. Өткөн жылы 19 миллиард доллардан аштык»,-деп айтты.

Түркиянын өткөн жылы Англиядан келген 3 миллиондон ашуун туристти кабыл алганын баса белгилеген вице-президент, быйыл дагы көп күтүлүп жатканына көңүл бурду.



Тектеш кабарлар