Кызылай Газага тонналаган жардам жеткирди
Түрк Кызылайынын билдирүүсүндө акыркы жумаларда жөнөтүлгөн экинчи кемедеги 1107 тонна жардам материалынын 147 жүк ташуучу унаага жүктөлгөнү белгиленди.
Түрк Кызылайынын экинчи жардам кемеси менен жөнөткөн гуманитардык жардам материалдарын ташыган жүк ташуучу унаалар Израилдин блокадасында болгон Газага жеткириле баштады.
Түрк Кызылайынын билдирүүсүндө акыркы жумаларда жөнөтүлгөн экинчи кемедеги 1107 тонна жардам материалынын 147 жүк ташуучу унаага жүктөлгөнү белгиленди.
Билдирүүдө чатыр, керебет, азык-түлүк жана тазалык сыяктуу материалдарды камтыган 66 жүк ташуучу унаанын Газага киргени, башка жүк ташуучу унаалардын Рефах чек ара капкасынан кирүү үчүн кезек күтүп турганы баса белгиленип, тез арада баш калкалоочу жайга, сууга, тамак-ашка, электр энергиясына, дары-дармекке жана медициналык жардамга муктаж болгон Газа калкы үчүн оор шарттарда жүргүзүлүп жаткан жардам иш-чараларынын Палестина Кызыл Жарым Айы жана Египеттин Кызыл Жарым Айынын кызматташтыгы менен жүргүзүлгөнү баса белгиленди.
Билдирүүдө Газадагы кагылышуулардан жабыркагандар үчүн Түрк Кызылайы тарабынан учак жана кемелер менен аймакка болжол менен 1700 тонна гуманитардык жардам жиберилгени, жүк ташуучу унааларга жүктөлгөн жардамдын Египеттин Рефах чек ара капкасынан Газага жеткирилгени белгиленди.
Билдирүүдө Газадагы карапайым калкка жардам берүү жана Түркиянын тилектештик күчүн көрсөтүү үчүн жардам кампаниясын жүргүзгөн Кызылайдын, жаңы жардам кемеси үчүн даярдыктарын баштаганы жана максаттын кемеге 1500 тонна жардам жүктөө болгону белгиленди.