Эрдоган террордук уюмдун түзүлүүсүнө эч качан уруксат бербей тургандарын баса белгиледи

Президент Режеп Таййип Эрдоган министрлер кабинетинин жыйынынан кийинки билдирүүсүндө террор менен күрөшкө токтолду.

2073649
Эрдоган террордук уюмдун түзүлүүсүнө эч качан уруксат бербей тургандарын баса белгиледи

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын түштүгүндө, Сирия менен Ирактын түндүгүндө террордук уюмдун түзүлүүсүнө эч качан уруксат бербей тургандарын баса белгиледи.

Президент Эрдоган министрлер кабинетинин жыйынынан кийинки билдирүүсүндө террор менен күрөшкө токтолду.

Эрдоган террорду булагында жок кылуу стратегиясын ийгиликтүү ишке ашырышкандарын, абадан жана кургактыктан жүргүзүлгөн чекиттик операциялар менен террористтерге карата басымды тынымсыз арттырышкандарын айтып: «Чек араларыбызда жикчил террордук уюмду (ПКК) жок болуу чегине жеткирдик. Мындан 40 жыл мурда улутубузду каптаган террор балээсинен Түркияны толугу менен куткарууга чечкиндүүбүз»,-деди.

Президент Түркияга террордук уюмдар менен басым жасоого аракет кылгандарга кайрылып: «Түркиянын түштүгүндө, Сирия жана Ирактын түндүгүндө террордук уюмдун түзүлүүсүнө эч качан уруксат бербейбиз. Операцияларыбыздын натыйжасында вегетативдик абалга келген жикчил террордук уюмду жандандыруу жана кайра күчтөндүрүү аракеттеринен кабардарбыз. Ким эмне кылып, ким ким менен алака түзүп жатканын абдан жакшы билебиз. Мурдагыдай эле «Бир түнү күтүлбөгөн жерден келип, бул сценарийлердин баарын талкалап салуудан» тартынбайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар