Эрдоган Грецияда

Түркия-Греция Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин бешинчи жыйынынын алкагында расмий сапар менен барган Эрдоган Грецияда президент Катерина Сакеларопулу тарабынан Президенттик борборунда расмий азем менен тосуп алынды.

2073913
Эрдоган Грецияда
erdoğan miçotakis.jpg

Президент Режеп Таййп Эрдоган: «Жогорку деңгээлдеги бешинчи стратегиялык кеңешме жыйыныбыздын Түркия менен Грециянын жаңы доордун күчтөнүшүнө алып келерине ишенем»,- деди.

Түркия-Греция Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин бешинчи жыйынынын алкагында расмий сапар менен барган Эрдоган Грецияда президент Катерина Сакеларопулу тарабынан Президенттик борборунда расмий азем менен тосуп алынды.

Президент Эрдоган Сакеларопулу менен жолугушуунун алдындагы сөзүндө 6 жылдан кийин Афинада болуу кубанычын билдирди.

«Жогорку деңгээлдеги бешинчи стратегиялык кеңешме жыйыныбыздын Түркия менен Грециянын ортосунда жаңы доордун күчтөнүшүнө алып келерине ишенем»,- деп айткан Эрдоган: «Биз бүгүн бул жерге министрлерден турган чоң делегация менен келдик. Биздин министрлер бири-бири менен жана маектештери менен абдан маңыздуу жолугушууларды өткөрөт. Албетте, биздин максат ортобуздагы соода көлөмүн 5,5 миллиард доллардан 10 миллиард долларга жеткирүү. Бул багытта кайсы тармактарда кандай кадамдарды жасай аларыбызды талкуулайбыз. Бардык министр досторубуз бул багыттар боюнча алдын ала даярдыктарды көрүштү. Булар менен бирге кол коюп, жолубузду алда канча маңыздуу жана коопсуз улантабыз. Менин оюмча, стакандын толгон жагы тууралуу сүйлөшүү келечек үчүн жакшыраак болот»,-деди.

Сөздөрдөн кийин Эрдоган менен Сакеларопулу жабык эшик артында жолугушту.

Эрдоган Афинада Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакисти да кабыл алды.



Тектеш кабарлар