Йерликая ЕБ комиссары Йоханссон менен жолугушту

Ички иштер министрлиги билдирүү жасады.

2068471
Йерликая ЕБ комиссары Йоханссон менен жолугушту

Ички иштер министри Али Йерликая, Түркия-Европа Биримдиги миграция жана коопсуздук жогорку деңгээлдеги диалогунун экинчи жыйыны үчүн барган Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европа Биримдигинин (ЕБ) ички иштер комиссары Йлва Йоханссон менен жолугушту.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Түркия-Европа Биримдиги миграция жана коопсуздук жогорку деңгээлдеги диалогдун экинчи жыйынында, мыйзамсыз миграциянын алдын алууга байланыштуу саясаттар жана аракеттер тууралуу пикирлер ортого салынып, чек ара коопсуздугу, мигранттардын аткезчилигине каршы күрөшүү сыяктуу бир катар маселелер боюнча орток мамилелер талкууланды.

Жыйында миграция жана укук коргоо мекемелеринин кызматташуусун кандайча бекемдей аларына да баа берилди.

Визаны либералдаштыруу диалогунун алкагындагы критерийлерди аткарууда ийгиликтүү жыйынтыкка жетүү жана бул максатта кызматташтыкты активдештирүү үчүн орток эрктерин кайталоо менен бирге, виза процесстерин тездетүү аркылуу түрк жарандарынын саякаттарын жеңилдетүү жолдорун издөөгө макулдашышты.

Коопсуздук маселеси боюнча терроризмге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында кызматташууну жана өз ара аракетти арттыруу, ошондой эле укук коргоо тармагында кызматташууну күчөтүү темасында макулдашуу түзүлдү.

Миграция жана коопсуздук тармагындагы жалпы кызыкчылыктар боюнча кызматташуунун жүрүшүн техникалык жана жогорку мамлекеттик кызматкерлер деңгээлинде карап чыгуу үчүн үзгүлтүксүз жолугушуп туруу чечими кабыл алынды.



Тектеш кабарлар