Фахреттин Алтун Эл аралык стратегиялык коммуникация саммитинде сөз сүйлөдү

Президенттик аппараттын коммуникация директору Фахреттин Алтун Израилдин Газа тилкесине карата кол салууларынын эл аралык системанын кризисин тастыктаган аянычтуу көрүнүш экенин айтты.

2068574

Фахреттин Алтун быйыл үчүнчү жолу өткөрүлгөн Эл аралык стратегиялык коммуникация саммитинде (Stratcom Summit'23) сөз сүйлөдү.

Газада 47 күндөн бери болуп жаткандардын жана Израилдин Газа тилкесине карата  кол салууларынын эл аралык системанын кризисин тастыктаган абдан аянычтуу көрүнүштү көрсөткөнүн белгилеп : "Бүгүн бүткүл дүйнөлүк коомчулук Израилден чыккан гибриддик коркунучтардын жана системалуу жалган маалымат саясатынын бутасына айланды",- деди. 

Фахреттин Алтун сөзүн төмөнкүчө улантты : "Израиль толугу менен фашисттик пропоганда методун колдонууда. Бүгүндүн фашисттери,  кечээки фашисттик үгүттөө ыкмаларын  кайталап жатышат, ал эми мурда жөөттөрдү курмандыкка чалгандар бүгүн мусулмандарды курмандыкка чалууга аракет кылып жатышат. Бүгүн  жабырлануучунун   өзүн айыптоосу, дүйнөнүн да зомбулукка үнсүз калышы күтүлүүдө. Биз бул зомбулукка каршы үнсүз кала албайбыз. Бул зомбулукка каршы бардык күчүбүз менен  урматтуу президентибиздин жол башчылыгында акыйкаттык жана адилеттик күрөшү менен  каршы чыгабыз, күрөшүбүздү улантабыз". 

Тектеш кабарлар