Эрдоган Stratcom Summit'23кө видео кайрылуу жолдоду

Эл аралык стратегиялык байланыш саммити быйыл үчүнчү жолу уюштурулууда.

2068493
Эрдоган Stratcom Summit'23кө видео кайрылуу жолдоду

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Газада 7-октябрдан бери адамзаттын бардык баалуулуктары тебеленип, чоң мыкаачылык жана кыргын болду»,-деди.

Президент Эрдоган Коммуникация башкармалыгы тарабынан быйыл үчүнчү жолу уюштурулган Эл аралык стратегиялык байланыш саммитине (Stratcom Summit'23) жолдогон видео кайрылуусунда, катышуучуларды Стамбулда тосуп алгандары үчүн кубанычта экендиктерин билдирди.

Саммиттин быйыл айтып бүткүс азаптар болуп жаткан кайгылуу мезгилде өткөрүлгөнүн айткан Эрдоган, Газада 7-октябрдан бери адамзаттын бардык баалуулуктары тебеленип, чоң мыкаачылык жана кыргын болгонун баса белгиледи.

Глобалдык тынчтыкты жана ырааттуулукту камсыздоого жооптуу болгон Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин бул процессте толугу менен иштебей калганын билдирген президент Эрдоган: «БУУнун Башкы ассамблеясында 40 өлкөнүн калыс жана 121 өлкөнүн «макул» добушу менен кабыл алынган резолюция болсо адамзаттын жалпы абийирин чагылдыруу жагынан мазмундуу жана маанилүү эле»,- деди.

Газа кризисинде балдардын өлүмү сыяктуу аларды кайгыга салган дагы бир абалдын эл аралык медиа мекемелеринин бир жактуу берүүлөрү экенин баса белгилеген Эрдоган: «Чындыкты жактаган бардык журналисттерди чын жүрөктөн куттуктайм»,-деп айтып: «Дезинформацияга каршы күрөшүү борборубуз аркылуу 100дөн ашуун жалган маалыматты ачыкка чыгардык. Коммуникация башкармалыгыбыз, Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемеси (TRT) жана Анадолу агенттиги өз милдеттерин аткарышты. Кырдаалды жеринде чагылдырган түрк басма сөз кызматкерлери бул процессте чындап кайраттуу позицияны көрсөтүштү»,-деди.



Тектеш кабарлар