Террор менен күрөш уланууда
Улуттук чалгындоо уюму (MIT) Ирактын түндүгүндө ПКК/КЖКга каршы иш-аракеттерин улантууда.

Жикчил террордук уюм ПКК/КЖКнын жооптууларынын бири Жиян Мардин каймана аттуу Гүлсүме Доган Ирактын түндүгүндө жок кылынды.
Улуттук чалгындоо уюму (MIT) Ирактын түндүгүндө ПКК/КЖКга каршы иш-аракеттерин улантууда.
MİT Ирактын Сүлаймание шаарында жана анын айланасындагы шаарларда ПКК/КЖКнын жооптуусу катары иштеген Жиян Мардин каймана аттуу Гүлсүме Доганды таасирсиз кылды.
Террорист Догандын, көрсөтмөлөрдүн негизинде салык деген ат менен аймактын элинен опузалап акча талап кылганы, чогултулган акчаны коопсуздук күчтөрүнө каршы кол салууларда колдонгону жана уюмга логистикалык колдоо көрсөткөнү аныкталды.
Террористтин, жашы жете элек балдарды уюмга кошулууга үндөгөн иш-аракеттерди жүргүзгөнү да маалымдалды.
Тектеш кабарлар

АКШ Эрдоган-Мицотакис жолугушуусуна баа берди
АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы билдирүү жасады.