Министр Фидандын билдирүүсү
Хакан Фидан Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын План жана бюджет комиссиясында билдирүү жасады.

Тышкы иштер министри Хакан Фидан: «Газага кол салуулардын токтотулушуна карата Израилге кысым көрсөтүү үчүн аймактагы өлкөлөрдүн биригүүсү маанилүү»,-деди.
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын План жана бюджет комиссиясындагы билдирүүсүндө: «Ушул убакка чейин Израилдин кол салууларында болжол менен 12 миң палестиналык каза болду. Мечиттердин бомбаланышын эч качан кабыл албайбыз. Туруктуу тынчтык үчүн биргелешип иштөөгө чечкиндүүбүз. Газага кол салуулардын токтотулушуна карата Израилге кысым көрсөтүү үчүн аймактагы өлкөлөрдүн биригүүсү маанилүү. Чечүүнүн жалгыз жолу 1967-жылдагы чек араларга негизделген Палестина мамлекетин түзүү»,-деди.
Министр Фидан Израилдин аймактагы кол салуулары башталган 7-октябрдан бери 11 учак жардамдын Египетке жеткирилгенин, 983 жаранды эвакуациялоо аракеттеринин уланып жатканын, Газадан 170 жарандын эвакуацияланганын билдирди.
Тектеш кабарлар

АКШ Эрдоган-Мицотакис жолугушуусуна баа берди
АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы билдирүү жасады.