Түркия Газадагы түрк жарандарын Египетке эвакуациялоо башталганын жарыялады
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели Рефах чек ара капкасынан 44 кишинин Газадан Египетке өтүшү менен Египетке түрк жарандарынын эвакуацияланышынын башталганын билдирди.
Түркия Газадагы түрк жарандарын Египетке эвакуациялоо башталганын жарыялады.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Өнжү Кечели Рефах чек ара капкасынан 44 кишинин Газадан Египетке өтүшү менен Египетке түрк жарандарынын эвакуацияланышынын башталганын билдирди.
Кечели темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Газадагы окуялардын башталышынан дароо артынан (7-октябрда) 30 жарандын жана алардын жакындарынын Түркияга келүүсүнө шарт түзүлүп, Рефах чек ара капкасынын жабылышынан кийин эвакуациялардын үзгүлтүккө учураганын белгиледи.
Эвакуацияланышын күтүп жаткан түрк жарандарынын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жарандары жана алардын үй-бүлө туугандарынын Египет аркылуу Түркияга алып келиниши үчүн аракеттер көрүлгөнүн баса белгилеген Кечели : «Ушул алкакта Рефах чек ара капкасынан өткөн 44 киши бүгүн түштө Египетке келди. Бул сан күн бою көбөйүшү мүмкүн»,-деп айтты.
Кечели билдирүүсүндө, чек арада түрк дипломаттары тарабынан тосуп алынган сөз болгон топтун алгач Каирге алынаарын жана ал жерден аба жолу менен Түркияга жеткириле турганын айтып: «Газадагы бардык жарандарыбыздын коопсуз жана мүмкүн болушунча тез арада эвакуацияланышын бүтүрөбүз деп ишенебиз. Бир тараптан Палестиналыктардын жаңы тобун Газадан өлкөбүзгө дарылануу үчүн алып келүү үчүн тиешелүү мекемелерибиз менен кызматташууну улантып жатабыз»,-деди.