Улуу жол башчы Ататүрк өлкө тышында да эскерилүүдө

Азербайжандын борбор шаары Бакуда Ататүрк эстелигинин алдында өткөрүлгөн аземге Түркиянын Баку элчиси Жахит Багжы, элчилик кызматкерлери, түрк мекемелеринин өкүлдөрү жана түрк окуу жайларынын студенттери катышты.

2062994
Улуу жол башчы Ататүрк өлкө тышында да эскерилүүдө

Түркия Республикасынын негиздөөчүсү улуу жолбашчы Мустафа Кемал Ататүрк дүйнөдөн кайтышынын  85 -  жылында  эскерилүүдө.

Азербайжандын борбор шаары Бакуда Ататүрк эстелигинин алдында өткөрүлгөн аземге Түркиянын Баку элчиси Жахит Багжы, элчилик кызматкерлери, түрк мекемелеринин өкүлдөрү жана түрк окуу жайларынын студенттери катышты.

Салтанатта Түнд.к Кипр Түрк Республикасынын вице  - премьер  - министри, Туризм, маданият, жаштар жана экология министри Фикри Атаоглу да орун алды. 

Багжы аземде сүйлөгөн сөзүндө Ататүрктүн баскынчылыкка, кысым жана  мандатка моюн сунбаган улуу түрк улутун көз карандысыздык жана эркиндик үчүн улуттук күрөштүн духунда бириктиргендигин жана түрктөрдүн акыркы ата мкени   Анадолунун боштондукка чыгышына жана республиканын негизделишине лидерлик кылгандыгын айтты. 

Улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктү эскерүү иш - чараларынын негизинде Түркиянын Бакудагы элчилигинде азербайжандык сүрөтчү Рамил Ахмедовдун темасы  Ататүрк жана Түркия Республикасынын 100 жылдыгына байланыштуу сүрөт көргөзмөсү да ачылды. 

Түркия Республикасынын негиздөөчүсү ,улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрк дүйнөдөн кайтышынын 85 жылдыгында Түркмөнстанда салтанат менен эскерилди.

Борбор шаар  Ашхабаддагы Ататүрк сейил багында өткөрүлгөн иш  -  чарага Түркиянын Ашхабаддагы элчиси Тоган Орал, шаар мэринин орун басары Байраммурат Гурбанов, Ашхабад түркмөн-түрк  окуу жайынын мугалимдери жана окуучулары, өлкөдөгү түрк жарандары жана басма сөз өкүлдөрү катышты.

Иш  - чарада сөз сүйлөгөн элчи Орал Ататүрктүн үмүттөрдүн жок болуп бара жаткандыгы ойлонулган бир убакта улутту  кайрадан жандандыра алган, жогорку адамзаттык жана лидерлик сапаттары менен бирге  мезгилини генийи болгонун эске салды. 

Ататүрктүн талкаланган өлкөнүн калкында "улуттун тагдырын бир гана улут чече алат" деген ишенимди ойготуп, үмүт жана күч бергенин айткан Орал : " Ататүрк элинен алган колдоо менен "эң чоң чыгармам" деген заманбап Түркия Республикасын  курду",- деди. 

Орал Ататүрктү Түркмөнстанда өз аты менен аталган паркта боордош түркмөн мамлекетинин өкүлдөрү менен эскерүүнүн чоң бакыт экендигин белгиледи. 

Иш  -  чарада парктагы Ататүрк эстелигине гүл чамбар коюлду. 

Кытайда Түркиянын Пекин элчилигинде  10 -  ноябрь Ататүрктү эскерүү күнүнөн улам өткөрүлгөн иш - чарага элчи Исмаил Хаккы Муса жана жубайы, элчилик кызматкрелери, Кытайдагы түрк мекемелеринин өкүлдөрү, түрк жарандары менен коноктор катышты. 

Элчи Муса иш  -  чарада сүйлөгөн сөзүндө Ататүрктү эскергенчелик аны түшүнүүгө аракет кылуунун да  чоң мааниге ээ экендигин баса белгиледи.

Бир тараптан республиканын негиздөөчүсү, улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн айкели бүгүн Германияда Берлин Мадам Тюссо музейинде келген конокторго көрсөтүлөт.

 



Тектеш кабарлар