Президент Эрдоган Өзбекстанга барат
Быйыл 16-ирет өткөрүлө турган саммит эки күнгө созулат.
Президент Режеп Таййип Эрдоган эртең Өзбекстанга барат.
Президент Эрдоган 8-9-ноябрь күндөрү Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте өтө турган Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) саммитине катышат.
Быйыл 16-ирет өткөрүлө турган саммит эки күнгө созулат.
Эрдоган саммиттин алкагында делегациялар ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн тышкары лидерлер менен да жолугушат.
Израилдин 7-октябрдан бери Палестинага тынымсыз кол салууларын токтотуусу жана Палестинага гуманитардык жардамдардын тез арада жеткирилиши саммитте карала турган маселелердин арасында болот.
Саммитте уюмга мүчө өлкөлөрдүн соода, экономикалык жана маданий кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн кадамдар ташталат.
Аймактык маселелер да карала турган саммитте, аймак менен Түркиянын ортосунда түз кургактык байланышын түзө турган Зангезур коридорунун акыркы баскычы да бааланат.
Тектеш кабарлар
Президент Эрдоган партиясынын Эрзурумдагы облустук конгрессинде сөз сүйлөдү
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын аймактын негизги өлкөсү катары өзгөчөлөнгөндүгүн айтты.