Эрдоган Казакстандан кайтуусуна журналисттер менен маектешти

Президент Эрдоган Түрк Мамлекеттер Уюмунун мамлекет башчыларынын 10 -  саммитине катышуу үчүн барган Казакстандан кайтышында учакта журналисттердин суроосуна жооп берди.

2060273
Эрдоган Казакстандан кайтуусуна журналисттер менен маектешти

Президент Режеп Таййип Эрдоган  Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяхунун өздөрү үчүн сүйлөшө турган киши эмес экендигин белгилеп : "Аны жок деп эсептейбиз",- деди.

Президент Эрдоган Түрк Мамлекеттер Уюмунун мамлекет башчыларынын 10 -  саммитине катышуу үчүн барган Казакстандан кайтышында учакта журналисттердин суроосуна жооп берди. 

Израилдин 7 -  октябрдан  бери Газа тилкесине  жасаган кол салууларына токтолгон Эрдоган бул иштин жооптуусу Израилдин премьер  - министри Нетаньяхунун өзү экендигин, азыркы учурда Израилде Нетаньяхуга каршы сөздөрдүн айтыла баштагандыгын айтты.

Нетаньяхуга  : "Сенин жасагандарың  Инжил жана Тоорат менен байланышы жок. Муну Инжил да  Тоорат да Зебур да кабыл албайт",- деген Эрдоган : "Нетаньяху Израиль калкынын каршы чыгуусуна себеп болгон, жарандардын колдоосун жоготкон киши. Диний терминдерди колдонуу менен кыргындарга колдоо көрсөтүлүшүн каалап жатат",- деди. 

Бул айда боло турган Ислам Кызматташтык Уюмунун Эр-Рияд саммитине маани бергенин билдирген президент, (Газа тилкесинде) ок атышпоо үчүн аракет кыла тургандарын белгиледи.

Газада кепилдик  темасына да токтолгон Эрдоган : "Эгерде Түркияга бир кепил өлкө боло алабыз. Кипрде  Греция кепил өлкө боло алат, Британия кепил өлкө боло алат. Түркия кепил өлкө болгон болсо, Газада эмне себептен мындай абал болбосун. Түркия катары биздин  эң башта бир роль алуубуз керек. Бул да  тарых менен бүгүнкү күндү жана келечекти калыптандыра турган абал болот",- деди. 

Эрдоган мындан мурда да көрбөстүккө салган кыргындар эскертилгенде үн катпаган  батыштык мамлекеттердин Газа кыргынындагы мамилелери менен эзиле тургандыгын белгиледи жана : "Террордук уюмдун террористтерине ой эркиндиги деген шылтоо менен сабыр кылган кээ бир өлкөлөр,  бир калктын символу  Палестина желегине  тыюу салууга аракет кылды",- деди. 

Дүйнөнүн палестиналык балдардын айкырыгын угууга мажбур экендигине көңүлдөрдү бурган президент : "Бейкүнөө жана  эзилген адамдарга жардам берүү биздин милдетибиз",- деди. 

Газадагы саламаттыкты сактоо системасын атайылап кыйратууга аракет кылган Израиль менен зулумдукка көз жумган эл аралык коомчулуктун жарандарды, бейтаптарды жана ымыркайларды өлүмгө калтырганын белгилеген президент, Европа Биримдигинин бул мезгилдин ичинде   адилеттуу мамиле жасабагандыгын айтты. 

 

 



Тектеш кабарлар