"Фатих" Кара деңизде бургулоо иштерин улантууда

"Фатихтин" узундугу 229 метр, туурасы 36 метр, салмагы 51 миң 283 гросс тонна.

2059539
"Фатих" Кара деңизде бургулоо иштерин улантууда

Кара деңизде акыркы жылдарда бургулоо аркылуу 710 миллиард метр куб жаратылыш газын тапкан "Фатих бургулоо" кемеси жаңы жакшы кабарлар үчүн чалгындоо иштерин үзгүлтүксүз улантууда.

"Фатих" Зонгулдактын жээгиндеги Сакария газ аянтында газ табылган скважиналарды бургулоо жана газ потенциалы бар жерлерде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө.

29-сентябрда Фильос-1 кудугунда башталган бургулоосун оңдоо иштеринен улам тыныгуу берген "Фатих" өткөн аптада Филос портуна токтогон.

3 логистикалык кеменин коштоосундагы "Фатих" бул жердеги оңдоо иштерин бүтүрүп, жаңы бургулоо иштерине аттанат.

2011-жылы Түштүк Кореяда курулгандан кийин Түркияда улутташтыруу иштери аяктаган 6-муундагы технологияга ээ "Фатих", 12 миң 200 метр тереңдикте жана өтө жогорку басымда да деңиз бургулоо иштерин жүргүзө алат.

Жогорку технология менен дүйнөнүн алдыңкы 5 кемесинин арасында орун алган "Фатих", деңизде терең газ бургулоо иштерин аткарууда.

"Фатихтин" узундугу 229 метр, туурасы 36 метр, салмагы 51 миң 283 гросс тонна.



Тектеш кабарлар