Эрдоган Жакынкы Чыгышта ырааттуулуктун түзүлүшү үчүн ишин уланта тургандыгын билдирди
Президент Эрдоган Ислам Кызматташтык Уюмнун Аткаруу комитетинин кезексиз жыйыны Газага карата кол салуулар жана Түркиянын жардамдары менен кризистин чечилишине карата таштаган кадамдарына баа берди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын Жакынкы Чыгышта оболу гуманитардык ок ташыпоо жана туруктуу ырааттуулуктун түзүлүшү үчүн ишин уланта тургандыгын билдирди.
Президент Эрдоган соцтармактан берген билдирүүсүндө Сауд Арабиянын Жидда шаарында өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун Аткаруу комитетинин кезексиз жыйыны Газага карата кол салуулар жана Түркиянын жардамдары менен кризистин чечилишине карата таштаган кадамдарына баа берди.
«Жиддада өткөн Ислам Кызматташтык Уюмунун Аткаруу комитетинин кезексиз жыйынын Израилдин күч алган зомбулугунун алдында ислам ааламынын чечкиндүүлүгүн, Палестина эли менен тилектештигин жана Палестина маселесин колдоону конкреттүү түрдө көрсөтүүдө", - деген Эрдоган 7 - октябрда башталган жана бүткүл аймакка жайылуу коркунучу бар кризисти чечүү үчүн биринчи күндөн бери катуу аракет кылгандарын баса белгиледи.
Түркиянын 17 жылдан бери блокада астында жашаган күнөөсүз Газа калкына жарда берүүнү улантып жаткандыгын айткан Эрдоган : "Тынчтыкты түзүүгө карата аракеттерибиз аймакка учак конуучу кемелердин жиберилиши, Палестина калкына карата жардамдарды токтотуу жана Газа калкынын жазаландырылышы сыяктуу кадамдардын айынан тоскоолдукка учурады. БУУнун Коопсуздук Кеңеши жоопкерчилигин дагы бир жолу орундата алган жок. Адам укуктары жана эркиндиктери тууралуу салы кошпогон батыштык өлкөлөр отко май тамызгандан башка эч бир кадам таштаган жок. Эл аралык медиа органдары бир жактуу жана эки жүздүү басылмалары менен кыргынды актоо жарышына кирди",- деди.
«Коопсуз аймак» деп аталган аймактарга көчкөн күнөөсүз адамдардын чек ара дарбазалары, мечиттер, мектептер жана жарандык конуштардын бомбаланышынын акыркы 12 күндө болгон согуш кылмыштарынын кээ бирлери экенине көңүл бурган президент Эрдоган мурунку күнү Аль - Ахли араб ооруканасына карата кол салуу менен Газадагы кыргындын башка ченге өткөндүгүн айтты.
Адамзатка каршы кылмыш жана Газа калкына каршы геноцид болгон бул кол салуунун аткаруучуларын айыптагандыгын, бул кыргындан аткаруучуларчалык 7 - октябрдан бери жасаган билдирүүлөрү менен отко май куйгандардын да бул кыргын үчүн жооптуу экендигин баса белгилеген Эрдоган : "Түркия катары оболу гуманитардык ок атышпоонун, андан кийин да туруктуу ырааттуулуктун түзүлүшү үчүн иштөөнү улантабыз",- деди.
Тектеш кабарлар
Эрдогандан Сирия билдирүүсү
Президент Эрдоган Дүйнөлүк адам укуктары күнүндө «Бир туугандыктын жүзү» программасында сөз сүйлөдү.
Сомали менен Эфиопиянын ортосундагы Анкара декларациясы
Сүйлөшүүлөрдөн кийин Сомали менен Эфиопиянын ортосунда Анкара декларациясына кол коюлду.