Түркия кризиске каршы аракеттенүүдө

Бул контекстте Тышкы иштер министрлиги жана чалгындоо бөлүмдөрү ортомчулук жана туткундарды алмаштыруу боюнча ишин күчөттү.

2049749
Түркия кризиске каршы аракеттенүүдө
اردوغان.jpg
Erdoğan Suudi Arabistan Bin salman1.jpg

Түркия Израиль-Палестина жаңжалы аймактагы башка өлкөлөргө жайыла электе токтотулушу жана тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү башталышы үчүн көп кырдуу дипломатия жүргүзүүдө.

Бул контекстте Тышкы иштер министрлиги жана чалгындоо бөлүмдөрү ортомчулук жана туткундарды алмаштыруу боюнча ишин күчөттү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, кагылышуулар башталган алгачкы учурдан тарта көптөгөн лидерлер менен сүйлөшүү өткөрдү.

Эрдоган жакында Иорданиянын королу II Абдулла, Алжирдин президенти Абдулмежид Теббун жана Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президент маектештерине Түркиянын чыңалууну аймактагы башка өлкөлөргө жайыла электе токтотуу жана сүйлөшүүлөр аркылуу адилеттүү тынчтыкка жетишүү үчүн бардык аракетин уланта турганын билдирди.

Президент Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) президенти Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Анда Израиль менен Палестина ортосундагы жаңжалдагы акыркы абал талкууланды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Эрдоган Аль Нахайянга Израиль менен Палестинанын ортосундагы чыңалууга чекит коюунун эл аралык коомчулук, өзгөчө аймак өлкөлөрү таштаган оң кадамдар менен мүмкүн боло турганын айтты.

Президент Эрдоган Германиянын премьер-министри Олаф Шольц менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Телефондогу сүйлөшүүдө аймакта жана дүйнөдө тынчсыздануу менен байкалган Израиль-Палестина жаңжалы жана гуманитардык кризистерге чечүүчү жол издөөлөр тууралуу пикир алмашылды.

Анда президент Эрдоган Түркиянын кризисти тез арада бүтүрүү үчүн бардык аракетин көрүп жатканын жана ортомчулук менен бирге көптөгөн тынчтык кадамдарга даяр экенин билдирди.

Эрдоган маселенин туруктуу чечилиши үчүн Палестинага берилген убадалардын аткарылышынын абдан маанилүү экенин, эл аралык коомчулуктун географиялык бүтүндүккө ээ, 1967-жылдагы  чек аранын негизинде борбор шаары Чыгыш Кудс болгон көз карандысыз, эгемен Палестина мамлекетинин түзүлүүсүнө жетекчилик кылышын айтты. 

Хамастын аскерий канаты Кассам бригадасы ишемби күнү Израилге «Акса топону» деп аталган кеңири чабуул жасаганын жарыялады. Газадан Израилге карай миңдеген ракеталар атылганда, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине кирген.

Израиль армиясы да Газа тилкесине каршы согуштук учактар ​​менен «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Чыңалуу күчөп кетип эки тараптан тең жүздөгөн адамдар курман болушту.



Тектеш кабарлар